• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Равшан Жээнбеков камактан чыгат

22 Бештин айы 2021 16:40 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Равшан Жээнбековдун «Кой-Таш» иши боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Аны тергөө абагында кармоо мөөнөтү узартылган жок. Иш бүгүн, 22-декабрда Биринчи май райондук сотунда каралган.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, 28-декабрда Равшан Жээнбеков №1 тергөө абагынан чыгарылышы керек.

«Соттун мындай чечимине Равшан Жээнбековдун бир жылдан ашык абакта отурганы, айыпталуучулардын айрымдары бир жылдан ашык убакыт үй камагында болгону себеп болгон. Жаңы Жазык-процесстик кодекс бул бөгөт коюу чараларынын мөөнөтүн 1 жылдан ашык узартууга тыюу салат», — деди жактоочу.

«Кой-Таш» окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден башка айыпталгандардын баш коргоо чарасы да жокко чыгарылды. Бул ишке айыпталгандардын катарында депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, ошондой эле Кундуз Жолдубаева, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаевдер бар.

Мындан тышкары сот Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтүн узарткан жок.

Буга чейин эки кылмыш иши боюнча Алмазбек Атамбаевдин иши кыскартылган. Бирок Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча акыркы өкүмдүн негизинде камакта отурат.

Количество просмотров: 90