• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Россия, Дубаи, Делиден учуп кете албай калган КР жарандарын кайтаруу үчүн чартердик каттам уюштуруулат

21 Жалган куран 2020 12:01 Бишкек Govori.TV

Жарандык авиация агенттиги Россия, Дубаи, Делиден учуп кете албай калган КР жарандарын кайтаруу боюнча иштерди жүргүздү.
Республикалык штаб тарабынан Бишкек жана Ошко чартердик каттамдардын графигин уюштуруу боюнча чечим кабыл алынган, учууларды “Аэрофлот”, “Урал аба каттамдары”, “Fly Dubai” ж.б. ишке ашырат.


Бүгүн кечке чейин дээрлик 12 каттам учуп келет, 22-мартка – 8, 23-мартка 5 же 6 каттам мерчемделди.

“Аталган рейстер менен үч күндө чет өлкөлөрдөн 3000ге жакын КР жаранын алып чыгып кетебиз. Эгерде дагы калып калгандар болсо, биз кошумча каттамдарды уюштурабыз”, — деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев


Количество просмотров: 83