• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Россиядагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болду

10 Бештин айы 2019 13:59 Бишкек Govori.TV

Россиядагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу маркумдун жакын достору билдиришти.

Алардын айтымында, кырсык 7-декабрда Смоленск облусундагы унаа жолдо болгон. Айдоочу — 1970-жылы туулган Мырза Добутов Тула шаарын көздөй бара жаткан.

«Ал үй-бүлөсү менен Смоленск облусунда жашачу. Бирок Тула шаарында иштечү. Кырсык болгон күнү «КИА Рио» үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн Тула шаарына жөнөгөн. Ал алдындагы унаадан ашып өтүүгө аракет кылган учурда оң тарабындагы унаага тийип, карама-каршы тилкеде келе жаткан оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Тез жардам кызматы келгиче каза болуп калыптыр. Унаада өзү эле болгон. Ал ишкерлик менен алектенчү», — дешти маркумдун достору.

Мырза Добутов 3 уул, 1 кыздын атасы болчу. Ал Кыргызстандагы телеканалдарда оператор, алып баруучу, башкы редактор болуп иштеген.

Булак: АКИпресс.

Количество просмотров: 1252