• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

21 Жетинин айы 2019 15:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө 46 жаштагы Айнура Жайнакова үч эм төрөдү. Бул тууралуу мэриянын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, ымыркайлардын экөө кыз, бирөө уул. 1,75, 1,27 жана 1,45 килограмм салмактагы наристелер менен энесин Октябрь акимиатынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Зарема Өмүрзакова менен Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуротова көрүп, куттуктап келишкен.

«Эненин абалы жакшы, ал эми балдар убактылуу жаңы төрөлгөндөр үчүн ылайыкталган реанимация бөлүмүндө», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлгөн шартта ар бир балага 50 000 (элүү миң) сомдон бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулун төлөп бере туганын айтып, тиешелүү буйрукка Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Чечим 2019-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет. 

Количество просмотров: 164