• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров: Жээнбековго макам берүүгө кол койдум

3 Жетинин айы 2020 16:02 Бишкек Govori.TV

Экс-президент макамын берүүгө каршы болгондор болду. Бирок мен бардык соккууну өзүмө алып, экс-президент деген наам берип, буйрукка кол койдум. Бул тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Ош шаарында эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Экс-президент макамын берүүгө каршы болгондор болду. Бирок мен бардык соккууну өзүмө алып, экс-президент деген наам берип, буйрукка кол койдум. Анткени, бизде 30 жылдан бери экс-президентибиз жок. Экөөнү кубалап ийгенбиз, бирөөнүн макамын алып түрмөгө тыкканбыз. Сооронбай Шариповичти да кубалап, түрмөгө тыксак мындан кийин да терс көрүнүштөр улана бербейби деп ойлоп, ырым кылып ушундай кылдым», — деди Жапаров.

Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Сооронбай Жээнбеков 15-октябрдан президенттиктен кетерин жарыялап, 16-октябрда кызматын толук өткөрүп берген. Азыр президенттин милдетин премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат.

Количество просмотров: 68