• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Саламаттык сактоо министрлиги: Бычакталган 10 жаштагы баланын абалы оор

10 Жалган куран 2020 15:23 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бычакталган 10 жаштагы баланын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, жеткинчек дагы деле реанимация бөлүмүндө дарыланууда. Бирок оң натыйжа байкалып жатат.

Ошондой эле бүгүн, 10-мартта вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баланын абалын көрүү үчүн ооруканага барган.

Эске салсак, 6-мартта 5-кичи райондо үй-бүлөлүк чырдан улам күйөөсү аялына жана баласына бычак сайып, андан соң өзү асынып алганы тууралуу жазылган. Аял окуя болгон жерден каза таап, баласы оор абалда №3 балдар ооруканасына жеткирилген.


Количество просмотров: 112