• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сапар Исаков 18 жылга эркинен ажыратылды

9 Кулжа 2020 16:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө тууралуу иш боюнча кезектеги отурум өтүүдө. Кеңешүүчү бөлмөдөн чыккан судья өкүмдү окуду.

Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле сот 247 миллион 650 миң сом айыппул салды.

Ал эми президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этностор аралык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаеваны Кылмыш кодексинин 302-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Тарых музейин оӊдоодо 101 миллион 600 миң сом, ат майданды оӊдоодо 145 миллион 900 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган.

Количество просмотров: 1644