• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сапар Исаков иш бөлмөсүндөгү ноутбукту ала кеткен

23 Чын куран 2018 13:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.04. 2018. Govori.TV

“Мурдагы Өкмөт башчы Сапар Исаков өзүнүн иш бөлмөсүндөгү ноутбукту өзү менен кошо алып кеткен”. Бул маалыматты КРнын Өкмөтүнүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов Govori.TV маалымат агенттигине тактады.

Анын айтымында социалдык тармактарда чуу жараткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков иш столунда турган 30 дюйм көлөмдүү монитору бар ноутбукту алып кеткени чын. “Биз тактап чыкканда ал ноутбук Сапар Жумакадыровичтин өзүнүн ноутбугу болгондугу, кызматтык кабинетин бошоткондо ала кеткени маалым болду. Учурдагы өкмөт башчыбыз Мухаммедкалый Абылгазиевдин иш столуна да дал ошондой эле жаңы, акыркы үлгүдөгү ноутбук коюулду. Иш бөлмө китептер, керектүү баардык  документтер менен толукталды. 21-апрель күнү тартылган сүрөттөрдөгү жөнөкөй компьютер алмаштырылды”,-деп билдирет ал.

Эске сала кетсек, жаңы дайындалган Өкмөт башчыны ЖКнын төрагасы иш ордуна отургузуу маалында тартылган сүрөттөрдү Сапар Исаковдон калган бөлмө жылан сыйпагандай бош турганын көрүүгө болот.

 

 

Количество просмотров: 44