• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сейтек Атамбаев: Атам өгөй баласы Раисти үйлөнткөндө, Иса Өмүркулов чыкыйып өкүл ата болуп отурган

4 Кулжа 2020 13:57 Бишкек Govori.TV


2015-жылы Раиса Мухамедовнанын биринчи никесинен баласы Раис Атамбаев үйлөнткөндө Иса Өмүркулов өкүл атасы катары чыкыйып отурган. Бул тууралуу Атамбаевдин ортончу уулу Сейтек Атамбаев журналист Майраш Базлакуновага берген маегинде билдирген.

«Атамдын дагы бир карачечекей баласы бар, ал Раис Атамбаев. 2015-жылы ал үйлөнгөндө Өмүркулов өкүл ата катары резиденциядагы тойдо чыкыйып отурду. Эми логикага таянсак, өкүл атага башка бир чоочун кишини койбойт да. “мен Атамбаевдин убагында куугунтук жедим” деп айткан сөзүнүн баары калп ”, – дейт Сейтек Атамбаев.

Эске салсак, 2016-жылы декабрда президент Алмаз Атамбаев өгөй уулу Раис Бектемировду Кыргызстандагы аскердик технологиялар боюнча ири ишкананын директору кылып дайындаган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Количество просмотров: 3280