Учурда тергөө абагында олтурган журналисттердин жакындары жана туугандары Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовго, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевге, КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековго, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевге жана жалпы депутаттарга, Ички иштер министири Улан Ниязбековго, Акыйкатчы (Омбудсмени) Джамиля Джаманбаевага, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборунун директору Рысбеков Бакыт Токталиевичке кайрылуу жолдошту.
Кайрылууда 2 айга абакка камалган журналисттердин үй бүлөлүк абалы жана ден соолугу тууралуу маалыматтар берилген. Жана жакындары айтылган маалыматтарды эске алуу менен аларды үй камагына чыгарып берүүнү суранышкан.
Төмөндө кайрылуунун толук тексти:
Биздин кайрылуубуздун себеби, 2024-жылдын 16-январь күнү таңкы саат 6:00 дө ИИМдин кызматкерлери келип, биздин балдарыбыз, 11 журналисттин үйлөрүн тинтип, «массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча» күбө катары алып кетишкен. Биз мындай чечимге макул эмеспиз.
Тинтүү учурунунда 11 журналистке тиешелүү жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн дагы уюлдук телефон, компьютер, ноутбуктарын алып кетишкен. «Массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча» айып коюп, 48 саат кармады. Бирок ошол эле күнү баш коргоо чарасы шектүү катары өзөртүлуп, 11 журналистти тең 13-мартка чейин 2 айга камалды. Бирок, журналисттер ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин ИВСте кармалып турат. Биздин балдарыбыз, жолдошторубуз, туугандарыбыз жалпысынан камакка алынган 11 журналист, эч качан массалык баш аламандыкты уюштурууга катышкан эмес. Алардын 11и тең журналист катары социалдык, экономикалык жана коррупциялык маселелерди гана чагылдырып, кыргыз элине чын ниети менен кызмат кылып келишкен. Жогоруда айтылган маселелерди чечүү боюнча конструктивдүү ой-пикирлерди айтып жана массалык маалымат каражаттары аркылуу көтөрүп келишкен. Алардын ар бири кыргыз элин, мекенин сүйгөн чыныгы патриот уул-кыздар. Журналисттик ишмердүүлүгүндө ар дайым кыргыз элин биримдикке, ынтымакка чакырып келишкен. Айта кетчү нерсе, баардык 11 журналисттин тең жогорку билими бар, өз кесибин сүйгөн, өлкөбүздүн келечеги үчүн күйгөн, мыйзамдуулуктун диктатурасын орнотууга салымын кошкон, кадимки, карапайым уул-кыздарыбыз. Биздин туугандарыбыз, 11 журналист – эч кандай саясий күчтөрдө турушпайт. Эч кандай коррупциялык иштерге малынган эмес. Алардын арасында ден-соолугу жана үй-бүлөлүк шартында маселеси бар инсандар бар.
Мисалы:
КРнын президенти Садыр Жапаров 2020 – 2021 жылдары президеттик шайлоо убагында талапкер катары, ошондой эле 2021-жылдын 15-мартында «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда: «Кыргызстан демократиялык мамлекет болуп, өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин коопсуздугу жана сөз эркиндиги сакталат», — деп бизди ишендирген сөзү бар эле. Ошол себептен, биз, 11 журналисттин туугандары, мыйсамсыз камалган 11 журналисттин конституциялык укугун коргоо менен, СИЗОдон үй камагына бошотуп берүүңүздөрдү суранабыз. Кармалган журналисттер мыйзамды сактап жана сыйлап келген инсандар. Кандайдыр бир күнөөсү болсо дагы, мыйзам алдынды эч жакка качпай, жооп берүүгө даяр!
Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды.
ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.