• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Аида Касымалиева карантинге алынды. Токтогулда баңгизат саткан жаран кармалды

13 Жалган куран 2020 13:00 Бишкек Govori.TV

АИДА КАСЫМАЛИЕВА КАРАНТИНГЕ АЛЫНДЫ
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жана депутат Абдыбек Дюшалиев үй карантинине алынды. Алар бүгүн түнү Германиядан учуп келишкен, аталган өлкөгө немис парламентинин чакыруусу менен барышкан.
“Өзүмдү жакшы сезип турам. Бул сапар пландалган болчу, андан баш тартууга мүмкүн болгон жок. Саламаттык сактоо министрлиги менен кеңешип, бардыгы жайында болгон. Биз Абдыбек Дюшалиев экөөбүз кийинчирээк келишибиз керек эле, бирок Кыргызстанга эрте эле кайтууну чечтик. Бизди Германиядан коронавируска карата текшеришти. Стамбулдун аэропортунан текшеришкен жок. Белгилей кетсем, Бишкекке келгенде бизди абдан дыкат текшерүүдөн өткөрүштү. Кабыл алынган эрежеге ылайык бизди 14 күнгө үй обсервациясына алышты. Бул убакыт аралыгында үйдө отуруп иштейм”, -деп билдирген вице-спикер. Мындан тышкары коштоп келгендер дагы 14 күнгө карантинге алынганын кошумчалады


ОШТО ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН БИР АДАМ КАЗА БОЛДУ
Ош облусунун Кара-Суу шаарында «Мерседес Бенс” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, кырсыктын кесепетинен аял киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кырсык 12-мартта Кара-Суу шаарындагы Владимир Ленин көчөсүндө катталган. Анда 1 аял киши каза болуп, 1 эркек адам жабыркаган. “Жерине 5 куткаруучу барып, каза болгон аялдын жансыз денесин Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган адам “Тез жардам” кызматы менен ооруканага жеткирилген”, – деп айтылат маалыматта.


ЖАЛАЛ-АБАДДА БАҢГИЗАТ САТКАН АДАМ КАРМАЛДЫ
Жалал-Абадда ири өлчөмдө баңгизат сатып жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук милициясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Токтогул районунун аймагында А. аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сатып жүрөт деген ыкчам маалымат алынган. Анын негизинде 2020-жылдын 11-март күнү Токтогул районунун Үч-Терек айылынан өтүүчү Бишкек-Ош жолунун жээгинен ири өлчөмдө баңгизатын мыйзамсыз сатып жаткан жеринен Токтогул районунун тургуну 1983-жылы туулган Т.З. кармалып, жанынан 10 даана скотчко оролгон абалда болжол менен 4 кг 633 граммды түзгөн баңгизатка алынган. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Кылмышка шектүү жаран Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 200