• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Алмазбек Атамбаев бүгүн 64 жашка толду. 81 адамдан COVID-19 аныкталды

17 Аяк оона 2020 14:11 Бишкек Govori.TV

81 адамдан COVID-19 аныкталды

17-сентябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 81 учур катталган. Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен (пневмонияны эсепке алганда) 107 бейтап сакайп чыккан. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдиргендей, 1 миң 788 адам үй шартында, жана 527 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Атамбаевдин тарапташтары УКМКнын алдына барып куттукташты

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны туулган күнү менен куттуктап, УКМКнын алдына барышты. Куттуктап баргандардын арасында депутат Асель Кодуранова, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаевалар бар. Алар колдоруна “Алмазбек Шаршенович туулган күнүңүз менен!”,-деген жазуулары бар плакаттарды кармап алышканын көрүүгө болот. Экс- президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 64 жашка толду.

Тумоого каршы эмдей турчу жеке клиникалар (тизме)

Сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзө турган менчик медициналык борборлордун тизмеси Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Министрликтин маалыматы боюнча, профилактикалык эмдөө баардыгына жасалат, бирок сатылып алынган вакцина баардыгын камтый албашы мүмкүн. Ошондуктан жеке медициналык борборлордо профилактикалык эмдөөнү уюштурууну күчөтүү чаралары көрүлүп жатат.

Спикердин келинге сүйүнчү бергени тууралуу айрым тактоолор

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков өзүнүн ысымы ыйгарылган ымыркайдын апасына 50 миң сом сүйүнчү пулду, буга чейин жаңылыш кабарлангандай үй-бүлөсүнүн атынан эмес, төраганын фондунан берген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков билдирди. Анын айтымында, бул иш-чаранын шайлоо өнөктүгүнө, же кайсы бир партиянын үгүт-насыят иштерине байланышы жок.

Количество просмотров: 96