• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкек – Ош унаа жолу ачылды. Борбор калаанын айрым аймактарында суу өчөт

18 Чын куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

БИШКЕК-ОШ ЖОЛУ АЧЫЛДЫ
Бишкек – Ош унаа жолу унаалардын өтүүсү үчүн эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалардын өтүүсүнө бардык чектөөлөр алынды.

«Бирок, учурда Төө-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү жүрүп жатат. Жол куруучулар кар күрткүлөрүн тазалоо жана жолго инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-апрелде аба ырайынын шарттарына байланыштуу Бишкек – Ош жолу баардык унаалар үчүн убактылуу жабылган

АЙРЫМ АЙМАКТАРДА СУУ ӨЧӨТ

20-апрелде Бишкектин бир катар конуштарында суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 20-апрелде саат 9:00дөн 22:00гө чейин «Баш-Кара-Суу» суу топтомундагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу Сарбан айылында, Жал айылында, Жогорку Орок конушунда, Кашкабаш айылында, 105-контур, ЖЭБ-2 конуштарында, Достук, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнөн түштүк тарабы), Ак-Ордо конушунда (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушунда (Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабы) суу берүү токтотулат.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

ЭРЕЖЕ САКТАБАГАН МАЛ СОЮУЧУ ЦЕХ АНЫКТАЛДЫ

Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында санитардык эрежени сактабаган мал союучу цех аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан мал союучу цех текшерилип, ветеринардык-санитардык талаптар сакталбагандыгын аныктаган.

“Аталган цехте айрым жаныбарлардын калдыктары жана каны жерге төгүлгөн, дезинфекциялык тосмо жана кык чогултуучу жайлар жок болуп чыкты”, — деп белгилешти милициядан.

Аталган факт Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталды. Чогултулган материалдар тергөө кызматына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүп берилди.

Текшерүү уланууда.

Количество просмотров: 40