• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте ЕАЭБ саммити башталды. Элчилик мигранттарга эскертүү таратты

9 Бештин айы 2022 14:05 Бишкек Govori.TV

ЖЕЭК ЖЫЙЫНЫ БАШТАЛДЫ

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды. Отурумдун ишине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышууда.

Учурашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекеттердин башчылары ЖЕЭКтин тар курамдагы сессиясына катышуу үчүн залга өтүштү.

Жыйындын күн тартибинде 17 маселе каралмакчы.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жыйынга Россиянын президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.

ЖЕЭК жыйынын 230 жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрү чагылдырууда.

МИГРАНТТАРГА МААЛЫМДАМА

2021-жылдын 29-декабрына чейин Россияга келген Кыргызстандын жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин манжа изин мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Элчилик мекендештерди Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболордон өтүүгө чакырат.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу алар манжа изин мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүүнүн шарттарын милдеттүү түрдө аткарганда гана мүмкүн болот.

ЖОЛ КЫРСЫКТА 5 АДАМ ЖАБЫРКАДЫ

Суусамыр – Талас – Тараз трассасында жол кырсыгы катталып, беш адам жабыркады. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун, 8-декабрда болжол менен саат 01:30дар чамасында катталган.Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан 24 жаштагы А.Р. аттуу айдоочу алдыдагы унаадан ашып өтүп, жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен беш адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда автоунаа айып короосуна киргизилип, кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Количество просмотров: 311