• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте ок атышкандар кармалды. Атамбаевдин психикалык саламаттыгы текшерилет

10 Бештин айы 2019 13:04 Бишкек Govori.TV

Бишкекте ок атышкандар колго түшүрүлдү

9-декабрда Бишкекте ок атышкандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) расмий билдирүү таратты.Маалыматка ылайык, кармалгандар Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун  Т. уулу М. жана М.Н. аттуу 25 жаштардагы тургундары болгон.Кечээ Бишкектин Гагарин жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар “Тойота Авенсис” унаасында бара жаткандарга ок чыгарган. Окуя кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүлөрдү издөө аракеттери жүргөн. Натыйжада, Коопсуз шаардын камераларындагы тасмалардын жардамы менен ок чыгарган эки шектүү колго түшүрүлгөн. Алардын жанынан номери өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылган. Тапанчанын октору болгон эмес. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Чойбековдун унаасы менен кагышкан жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду

Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбековдун катышуусундагы жол кырсыгында жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан тастыктады. Маалыматка ылайык, Улуттук госпиталда оор абалда жаткан жабырлануучу кечээ, 9-декабрда каза болгон. Эскен салсак, 7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков өзүнө тиешелүү Мерседес-Бенц автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы келе жаткан Мерседес-Спринтер жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кант шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан. Максат Чойбеков да аталган ооруканага кайрылып, амбулатордук жардам алган. Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши УКМКга жөнөтүлүп, Максат Чойбеков кечээ кызматынан четтетилген.

Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу 9-декабрда Ички иштер министрлиги кабарлады.Мекеменин маалыматына караганда, мыйзамга ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмышка шектүүлөр мындай экспертизадан өтүшү шарт.“2019-жылдын 12-ноябрында оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу Жазык-процесттик кодекстин 171-беренесинин (“Экспертизаны дайындоонун негиздери”) негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке да соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү” деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.Маалыматта ИИМдин Тергөө кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында барымтага алуу жана жапырт баш аламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы айтылат.Атамбаев быйыл 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, азыр УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.

Количество просмотров: 756