• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Чүйдө жүк ташуучу унаалар кагышып, эки адам кыпчылып калган. УКМК «Дөө Чыңгызды» кармады

15 Теке 202214:00 Бишкек Govori.TV


ЖЕРГИЛИКТҮҮ СОТТОРГО СУДЬЯЛАР ДАЙЫНДАЛДЫ

Жергиликтүү сотторго 15 судья дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мамлекет башчы Садыр Жапаровдун дарегине судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына 15 адамдын талапкерлигин сунуштаган. Кошумча материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 15 талапкер боюнча кеңештин сунуштары менен макул болуп, тиешелүү жарлыктарды кабыл алды.

«ДӨӨ ЧЫҢГЫЗ» КАРМАЛДЫ

Бишкекте «Дөө-Чыңгыз» каймана аты менен таанылган кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда кабарлады. Маалыматка караганда, Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. «Чыңгыз Жумагуловду кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактылары боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлдү», — деп айтылат Атайын кызматтын маалыматында УКМК Жумагуловдон жабыркаган жарандар болсо,ишеним телефонуна билдирүү калтырууну суранган.

ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАР КАГЫШЫП, 2 КИШИ КЫПЧЫЛЫП КАЛГАН

Чүйдүн Беловодское айылынын Колхозная жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде “Форд Транзит” жана “Вольво” оор жүк ташуучу унааларынын каттышуусунда жол кырсыгы катталды. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы С.И. жана 22 жаштагы П.А. аттуу эркектер кыпчылып калган. Жеринде беш куткаруучу жарандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 702