• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлери Бишкекке келбей калды. Министрдин кеңешчиси үй камагына чыкты

20 Бугу 2022 14:00 Бишкек Govori.TV


ЕАЭБ БАШЧЫЛАРЫНЫН ЖОЛУГУШУУСУ ОНЛАЙН ӨТӨТ

Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкө башчыларынын саммити Бишкекте видеоконференция форматында өтөт. Бул тууралуу басма сөз жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди. Чечим акыркы күндөрү кабыл алынган. Кожошев себебин ачыктаган жок. Мындан тышкары ал 26-майда Кыргызстанга расмий сапар менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келерин кошумчалады. Эскерте кетсек, 27-майда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.

МИНИСТРДИН КЕҢЕШЧИСИ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Cаламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыгарылды. Маалыматты Башкы прокуратурадан тастыкташты. Тилекова Каракол шаардык соту тарабынан бир айга үй камагына чыгарылган, бирок Башкы прокуратура мындай чечимдин үстүнөн облустук сотко арызданды. Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова 17-майда кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара алуу”) негизинде тергөө амалдары башталган. Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

ОШ ШААРДЫК МИЛИЦИЯСЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери К.Т.Т. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. УКМК укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Ош шаардык милициясынын ыкчам кызматкери тарабынан 1500 АКШ долларын талап кылганы аныкталды. 18-майда Кара-Суу районунун аймагында талап кылынган сумманын 20 миң сомун алып жаткан жеринен Ош ШИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. кармалды. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдар уланууда.

Количество просмотров: 381