• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Экс-министр Чолпонбаев мамлекеттик бюджетке 65 млн сом зыян келтиргенби?

18 Аяк оона 2020 14:21 Бишкек Govori.TV

ЭКС-МИНИСТР ЧОЛПОНБАЕВ 15-НОЯБРГА ЧЕЙИН КАМАЛДЫ

17-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда мурунку саламаттыкт сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими менен ал 15-ноябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Космосбек Чолпонбаев «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга” шектелип жатат. Ал мамлекеттик бюджетке 65 млн сом зыян келтиргени айтылууда.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Өлкөдө бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 91 кишиден аныкталды. Бул он күн мурдагы көрсөткүчтөн 23 кишиге көп. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 18-сентябрдагы брифингде билдирди. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус жалпы илдет 45244 кишиге жукту. Анын 41 415и айыкты. Вирустан 1063 адам кайтыш болду. Учурда 547 бейтап стационарда, 1772си үй шартында дарыланууда.

СУУГА АККАН 4 ЖАШТАГЫ БАЛА ТАБЫЛА ЭЛЕК

Ош облусунун Ноокат районунда сууга агып кеткен 64 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти Маалыматка ылайык, 17-сентябрь күнү издөө иштеринде саат 16:00дө 1956-жылы туулган кишинин жансыз денеси суудан табылган. Аны менен кошо суу алып кеткен 4 жаштагы жээн небереси али табыла элек. Издөө иштери бүгүн дагы уланат.

ТАЛАСКА КАР ЖААДЫ

Талас облусунун айылдарына түндө калың кар жаады. Жергиликтүү тургундар кардын видеосун тартып социалдык тармактарга жүктөп жатат. Маалыматка ылайык, кар Талас облусунун кире беришиндеги Талды-Булак айылына жааган. Кардын калыңдыгы 3-4 сантиметрге жетет.

Количество просмотров: 112