COVID-19: 28 ЖАҢЫ УЧУР КАТТАЛДЫ
Бүгүн, 12-июлга карата Кыргызстанда коронавирус илдетинин 28 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен кабарлашты. Анын ичинен 20 адам оорунун белгилери пайда болгон үчүн ооруканага кайрылган, эки учур Өзбекстан менен Казакстандан келген жарандардан аныкталган. Дагы алты учур ПЦР изилдөө учурунда аныкталган. Илдетти жуктуруп алгандардын 20сы үйдө дарыланууга жиберилди, экөө ооруканага жаткырылды. Адистер акыркы жумада оорунун өсүшү байкалганын билдирет.
«ИХСАНДЫН» ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ
«Ихсан» турак жай кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Милициянын маалыматы боюнча, «Ихсан групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына 209-берене (алдамчылык), 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон. 2022-жылдын март айынын башынан бери өлкөнүн бардык аймагындагы «Ихсан» кооперативине кирген жарандардан көптөгөн кайрылуу келип түшкөн. Жарандар түзүлгөн келишимдердин негизинде кирүү акысын 4% жана 7% өлчөмүндө, ошондой эле 25-35 пайыз баштапкы төлөм, сатып алынуучу мүлктүн наркынын 50 пайызын төлөшкөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин мүчөлөрү турак жай да, автоунаа да ала элек. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар өз акчасын кайтара албай жатышканын айтышкан. «Ихсан групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин жетекчилиги тарабынан төлөнбөй калган сумма 121 млн 313 миң 950 сомду түзгөн. 11-июль күнү кылмышка шектүү катары «Ихсан» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы 1975-жылы туулган Б.А. кармалган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иш боюнча тергөө уланууда.
ДААРАТКАНАГА ТҮШҮП КЕТКЕН БӨБӨК КУТКАРЫЛДЫ
Бишкектин Лесная көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дааратканасына эки жаштагы В.Х., аттуу бала түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жеринде төрт куткаруучу баланы аман-эсен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Балага алгачы жардам көрсөтүлүп, медициналык кароодон өтүү сунушталган. Абалы жакшы.