• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирус жуктургандар көбөйдү. Түптө атасы менен кызы сууга чөгүп каза болду

11 Кулжа 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы жети бейтап каза болду. Муну менен илдеттен каза тапкандардын жалпы саны 1876 кишиге жетти. Соңку бир суткада 526 кишиден вирус жаңы аныкталды. Анын көбү Бишкек менен Ошто. Илдет жуктургандардын ичинен 303 киши сакайып чыкты. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 109 193 киши вирус жугузуп алды. Анын 102 018и сакайды. Учурда 1921 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 81 бейтаптын абалы өтө оор

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА АЛТЫН УТТУ

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча мелдеште алтын медаль утту. Тыныбекова финалда канадалык Ана Паула Годинезди 7:1 эсебинде артта калтырып, алтын медалга ээ болду. Белгилей кетсек, мелдеш 8-июнда Варшава шаарында башталган, 13-июнга чейин уланмакчы. Айсулуу азыркы тапта дүйнө чемпиону. Ал бул наамга эки жыл мурда Нур-Султан шаарындагы чемпионатта ээ болгон жана Токио жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган. Азиянын төрт жолку чемпиону.

ТҮПТӨ АТАСЫ МЕНЕН КЫЗЫ СУУГА ЧӨГҮП КАЗА БОЛДУ

Ысык-Көлдүн Түп районунун Балбай айылында атасы менен кызы сууга чөгүп кетти. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады. Маалыматка ылайык, 10-июнь күнү Түп районунун Балбай айылында (2011-жылы туулган) жаш кыз көлгө чөгүп кеткен. Атасы (1979-жылы туулган) кызды куткарам деп артынан түшүп, кошо чөгүп кеткен. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар, кыздын жана атасынын жансыз денелерин суудан алып чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 205