• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан каза болгондордун саны 1111 кишиге жетти. Ошго жаңы губернатор дайындалды

19 Тогуздун айы 2020 13:49 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 19-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада дагы 482 кишиден вирус аныкталды.

Акыркы эки аптадан бери биринчи жолу бир суткада киши өлүмү катталган жок. Өтуөн жума ичинде жалпысынан коронавирус илдети жуккан 25 киши каза болгон. Буга чейин коронавирус жугузуп алгандан кийин кайтыш болгондордун саны 1111 кишиге жеткени маалымдалган.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 52 526 адамды түздү. Анын 45 863ү сакайганы айтылды. Бир күндө 127 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2550 бейтап стационарда, 2518и үй шартында дарыланууда.

ОШТУН ГУБЕРНАТОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жарасул Абдураимов дайындалды. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ош облусундагы өкмөттүн өкүлү эки ай мурун эле жаңы дайындалган болчу. Бул ири облусту жети жылдан бери биринчи орун басар болуп иштеп келген Байыш Юсупов жетектей баштаган.

Юсупов Кара-Суу районунун акими болуп беш жыл жана бир нече жыл пахта тармагындагы ишканаларда эмгектенген.

Байыш Юсуповго чейин Узарбек Жылкыбаев президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен Ысык-Көлдөн Ошко 2018-жылы облус башчы болуп дайындалган. Ал парламенттик шайлоого катышуу үчүн 8-августта кызматын тапшырып берген.

ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ

Бишкекте 9-15-октябрь аралыгында 432 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 432 фактынын ичинен 43 айдоочу мас абалында унаа башкарган, унаанын терезесин 2 айдоочу караңгылатып айдаган, 36 адам айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган жана 351и башка бузуулар болгон.

Айып аянтчасына 121 унаа киргизилген.

Количество просмотров: 188