Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV
Кыргыз тилин өнүктүрүүгө эч кандай аракет көрүлбөй жатат
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатынын алкагында жасала турган иш-чаралардын 30 пайызы аткарылган жок. Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.
Ал өкмөт мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына өзгөчө көӊүл бурушу керек деди.
«Коӊшу Казакстандын тажрыйбасын карагылачы, казактар мамлекеттик тилин жогорку деӊгээлге чыгарып алышты, бул багытта кайра курумдар ишке ашырылып жатат. Бизде андай жүрүш байкалбайт. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди А2 жана Б1 деӊгээлинде билүүгө тийиш. Бул багытта кандай иштер жасалып жатат, анын жайы белгисиз», — деди депутат.
Крестининге өкмөттүк сыйлык ыйгарууну сунушташты
Жогорку Кеңештин депутаттары футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининге өкмөттүк сыйлык ыйгарууну сунушташты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Тазабек Икрамов билдирди. Депутат Бишкектин сыртынан атайын жаңы футбол талаасын куруу үчүн жер бөлүп берүүнү сунуш кылды. Айтымында, объекттин курулушу ички жана сырткы инвесторлордун каражаттарынын эсебинен болушу керек. «Футболду өнүктүрүшүбүз керек. Бул үчүн футболчуларды колдошубуз керек, мисалы футбол академиясын салыктан бошотуу зарыл», -деди ал. Эске салсак, футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы мекенине кайтып келди. Жергиликтүү команда алгачкы жолу тарыхта континенттик чемпионатка катышты.
Салымбеков: Футболго жаңы стадион куралы
Кыргызстанда жаңы стадион салуу учурдун талабы. Бул тууралуу белгилүү ишкер Аскар Салымбеков бүгүн, 24-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын «Манас» аэропортунан тосуп алуу иш-чарасында айтты. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, заманбап стадионду курууга жалгыз өкмөттүн чамасы жетпей турганын билдирди. “Спартак” стадиону коопсуздук талаптарына жооп бербей калды. Ал эскирди. 35 миң киши бата турган жаңы, заманбап стадион куруш керек болуп жатат. Сунуштар бар. Муну өкмөт чечет. Бирок жаңы стадион салганга өкмөттүн күчү жетпейт. Күйөрмандар, кыргызстандыктардын баары чогулсак бир стадион сала албайбызбы? Салыш керек. Хорватияда деле заманбап футбол аянты жок экен. Чогулуп алып эле стадион салып атышат. Биз да салышыбыз керек-деди Салымбеков.