• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргызстандын футбол мыктылары сыйланат. Мектеп окуучулары эвакуацияланды

6 Бештин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ОКУУЧУЛАР ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

Бишкектин Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан №24 мектептин окуучулары бомба тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланды. Маалыматты Биринчи май РИИБдин маалымат кызматынан ырасташты.

Учурда жеринде ыкчам топ жана кинологдор иштеп жатат.

Буга чейин да Бишкектин бар катар мектептеринде жарылуучу зат бар экени айтылган билдирүүлөр түшүп, текшерүүдө эч нерсе табылган эмес.

ЦЕХТЕН ӨРТ ЧЫКТЫ

Бишкекте кийим тигүүчү цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалым болгондой, Свердлов районуна караштуу Келечек конушунда кийим тигүүчү цехтен чыккан өрт саат 07:32де чектөөгө алынды.

Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

ФУТБОЛ МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНАТ

Бишкекте 16-декабрда KFU Football Awards — өтүп жаткан сезондун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы эң мыктыларын сыйлоо аземи өтөт.

Кыргыз футболдук союзу футболдогу жетишкендиктер үчүн жыл сайын өтүүчү, индивидуалдуу сыйлыктарды тапшыруу аземин өткөрөт.

Количество просмотров: 73