• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Өлкөдө көмүр арзандады. Бишкекте көпүрөдөн унаа кулады

17 Бирдин айы 2020 13:24 Бишкек Govori.TV

КӨПҮРӨДӨН УНАА КУЛАДЫ

«Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаа ЖЭБ жактагы жаңы көпүрөдөн кулап, оодарылып калган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 17-февралда саат 8:49 чамасында болгон.

«Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаанын С. кызы Э., аттуу айдоочусу унаасы менен көпүрөдөн темир жолдун рельсине кулап кеткен. Видеодо байкалгандай унаа оодарылып калган.

Окуядан кийин унаанын айдоочусу №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Унаа айып короого киргизилген. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

АЙДАРБЕКОВ 4 ӨЛКӨНҮН ТИМ БАШЧЫЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Испаниянын, Лихтенштейндин, Польшанын жана Норвегиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Жолугушуулар 56-Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында өттү.

Министр аталган өлкөлөрдүн делегацияларын ушул жылы жайында Бишкекте өтө турган экономикалык форумга катышууга чакырып, иш-чара тууралуу маалымат берди.

«Алар эки тараптуу мамилелердин күн тартибинин кээ бир аспекттерин карап чыгышты. Тактап айтканда, Испаниянын тышкы иштер министри менен Ч.Айдарбеков Бишкекте же башка туура келе тургандай жол менен визалык борбор ачуу аркылуу Испанияга жөнөп жаткан Кыргызстандын жарандарына Шенген визасын берүү боюнча маселелерди талкуулады.

Ошондой эле Польша менен Кыргызстандын ортосундагы саясий диалогду мындан ары бекемдөө маселелери каралды. Бардык маселелерди кыйла деталдуу талкуулоо үчүн Испания жана Польшанын өкүлдөрү Ч.Айдарбековду Мадридге жана Варшавага чакырды», — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

ӨЛКӨДӨ КӨМҮРДҮН БААСЫ АРЗАНДАДЫ

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата көмүргө болгон чекене баа орто эсеп менен 114,53 сомго же 2,5%га арзандаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эң жогорку баалар Ноокат шаарында тоннасына — 7 миң 436,59 сом, Баткенде тоннасына — 7 миң 140,04 сом, Исфанада бир тоннасына — 6 миң 445,15 сом, Кара-Сууда тоннасына — 6 миң 245 сомду түзгөн.

Ал эми төмөнкү баалар мурдагыдай эле Балыкчы шаарында (тоннасына – 3 694,59 сом), Нарын шаарында (тоннасына – 3 500 сом) жана Чаек айылында (2500 сом) байкалды.

Количество просмотров: 295