• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Молдокматов камакта калды. «Сапаттын» негиздөөчүсү изделүүдө

1 Кулжа 2021 14:16 Бишкек Govori.TV


ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстанда 1-июнга карата коронавирус дагы 382 адамдан аныкталып, 7 бейтап каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 634 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 758 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 097 бейтаптын абалы орто оордукта, 429 адамдын абалы оор жана 86 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 674 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 581 медкызматкер айыгып чыкты. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 105 миң 111 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 98 миң 873 киши айыгып чыкса, 1 миң 815 адам каза болду.

«САПАТ» ЛИЦЕЙИНИН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ ДАЙЫНСЫЗ БОЛУУДА

Бишкек шаарында “Сапат” лицейин түзүүчүлөрдүн бири Орхан Инанды дайынсыз болууда. Маалыматты Октябрь РИИБден тастыкташты. Маалыматка ылайык, милицияга 1-июндун таңында, саат 04:20да Бишкектеги 12-кичи райондон Lexus 470 автоунаасы табылгандыгы, эшиги бекитилбей жана ичи бош экенин кабарлаган билдирүү түшкөн. Ал жерден Ю. К. аттуу жаран атасы И. О. аттуу адам ушул автоунаа менен жүргөндүгүн айтып арыз жазган. Орхан Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөнү кабарланды. Кошумчалай кетсек, теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алганы айтылган Орхан Инанды Кыргызстандагы “Сапат” жеке лицейин негиздеген.

МОЛДОКМАТОВ АБАКТА КАЛДЫ

Бүгүн, 1-июнда саясатчы Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочуларынын арызы Бишкек шаардык сотунда каралды. Бул арада шаардык соттун алдында анын ондогон тарапташтары митинг өткөрдү. Молдокматовдун жактоочусу Кантемир Турдалиевдин айтымында, шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эске салсак, Жеңиш Молдокматов Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалган. Милиция Молдокматовго алгач былтыр октябрь окуяларында УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган деген айып таккан. Кийин беренени өзгөртүп, октябрь окуяларында массалык башаламандык уюштурган деген кине койгон.

Количество просмотров: 87