• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Москвада бычакталган кыргызстандыктын сөөгүн табылды. Өрттөн кийин, тез татым жайлары текшерилет

12 Жетинин айы 2019 14:24 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗСТАНДА УНАА ЫЛДАМДЫГЫН 110 ЧАКЫРЫМГА ЧЕЙИН ЖОГОРУЛАТСА БОЛОТ
Кыргызстандын ичинде эл аралык маанидеги айрым жолдордо ылдамдыктын эң жогорку чегин 110 чакырымга чейин жогорулатса болот. Мындайга уруксат берген токтомду өкмөт чыгарды. Жол кыймылынын эрежелерине өзгөртүү киргизген токтом 31-октябрда кабыл алынган. Ал расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирерин өкмөттөн кабарлашты.
Бул сунушту Ички иштер министрлиги (ИИМ) киргизген. Министрликтин көз карашында, ылдамдыктын чегин көтөрүү жолдордогу унаа өткөрүүнүн мүмкүнчүлүгүн арттырат.
ИИМ Кыргызстандын транспорттук паркы коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп берген күлүк машинелер менен толукталып жатат деп эсептейт. Коомдук талкууга коюлган документтин негиздемесинде акыркы жылдары эл аралык маанидеги жолдор оңдолгону, кайсы бир бөлүктөрүнүн чети, ортосу тосулганы, бул кырсыктарды азайтууга салым кошкону жазылган. Ылдамдыктын чеги жолдун шарты коопсуз кыймылды камсыз кыла турган жерлерде көтөрүлүшү керек.
Учурда калктуу конуштардан сырт жерде ылдамдыктын эң жогорку чеги саатына 90 чакырым деп белгиленген.


БИШКЕКТЕГИ ТЕЗ ТАТЫМ ЖАЙЛАРЫ ТЕКШЕРИЛЕТ
8-ноябрда “Антошка” тез татым жайындагы окуядан улам Бишкектеги бардык тез татым жайлары текшерилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
“Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев 18-ноябрга чейин өзгөчө мектептерде, бала бакчаларда, социалдык мекемелерде жана тез татым жайларындагы өрт коопсуздугун күчөтүү боюнча план-программа иштеп чыгууну тапшырды. Ал өрт коопсуздугун жакшыртуу боюнча шаардык бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнүп жатканын кошумчалап, мэриянын финансы башкармалыгына бул маселени тыкыр карап чыгууну өтүндү”, — деп айтылат маалыматта.
Бишкек ШИИБдин башчысы Канат Жумагазиев териштирүүнүн жыйынтыгында милиция чара көрүп, күнөөлүүлөр жазасын ала турганын белгиледи.
Эске салсак, 8-ноябрда “Антошка” тез татым жайында жарылуу болуп, өрт чыккан. Анын кесепетинен кассир болуп иштеген бир кыз каза болуп, 13 киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул жердин ээси кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.


МОСКВАДА БЫЧАКТАН КАЗА БОЛГОН КЫРГЫЗСТАНДЫКТЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
Москва шаарынын борборундагы бейтапканадан бычактан каза болгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу «Москва» шаардык жаңылыктар агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме берип жазды.
Маалыматка караганда, бейтапканага келген тартип сакчылары кыргызстандык 24 жаштагы жарандын сөөгүн табышты. Бирок, кылмыштын куралы табылган жок.
Алдын ала маалыматка ылайык, 24 жаштагы жаранды кара куртка жана кара топу кийген азиат улутундагы 2 жаран бычакташкан. Факт боюнча териштирүү жүрүүдө.

Количество просмотров: 490