• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Муфтийликке 8 адам ат салышат. 13 жашар баланын өлүмүнө шектелип бир тууганы кармалды

18 Жалган куран 2021 13:52 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 18-мартта билдиргендей, бир күндө вирус 98 кишиден жаңы аныкталды. Соңку бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Өлкөдө оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 143 кишини түздү. Анын 84 031и айыгып чыкты.

МУФТИЙЛИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы 17-мартта муфтийликке арыздарды кабыл алып, каттоону аяктады. Аалымдар Кеңешинин катчылыгы билдиргендей, муфтий болуу үчүн сегиз талапкер арыз берди. Алар: Нурбек Токтогулов, Сайдамир Жээналиев, Султанали Гапуров, Убайдулла Сарыбаев, Шүкүр Исмаилов, Шакир Маматов, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов.

ӨСПҮРҮМДҮН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛИП, АГАСЫ КАРМАЛДЫ

«Мурас-Ордо» жаңы конушунда 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шек саналып, анын агасы кармалды. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 17-мартта түшкү саат 12:40тар чамасында маркумдун энесинен телефон чалуу болгон. Милиция барганда 13 жаштагы өспүрүм моюнунан, ичинен жаракат алып, көз жумганы аныкталган. Ал талма оорусу менен жабыркагандыктан, дайыма жанында жакындары карап турган. 17-мартта 16 жаштагы агасы менен үйдө калган. Милиция барганда ал үйдө жок болуп чыккан. Айылга жакын жердеги талаадагы камыштын арасында жашынып жаткан жеринен табылды. Окуя боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча сотко чейинки иликтөө башталды. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Количество просмотров: 119