• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Олимпиадада байге алган спортчулар келет. Марат Турдубаев «Кыргызкөмүргө» жетекчи болду.

6 Баш оона 202114:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

6-августка карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы сегиз адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө вирустан көз жумгандардын расмий саны 2380 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде 658 адамдандан коронавирус табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын саны 167 734 адамга жетти. Бир күндө 1532 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3173 адам жатат, дагы 6874 бейтап үйдөн дарыланууда.

«КЫРГЫЗКӨМҮРГӨ» ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына Марат Турдубаев жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин УКМК «Кыргыз көмүрдүн» директору Ашырбаев кармалганын 4-августта билдирген жана ал Кара-Кече кенинен казылып алынган көмүрдүн салмагын атайылап аз көрсөтүп, уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алганы үчүн айыпталып жатканы кабарланган. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты жетекчисине жалган жалаа жабылып жатканын айтып президент Садыр Жапаровго кайрылган. Канатбек Ашырбаев «Кыргыз көмүр» компаниясынын директору болуп 2018-жылы 20-июнь айында дайындалган.

ОЛИМПИАДАДА БАЙГЕ АЛГАН СПОРТЧУЛАР КЕЛЕТ

Эртең, 7-августта Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын Кыргызстанга кайтып келишине карата Бишкектин Борбордук «Ала-Тоо» аянтында салтанаттуу иш-чара уюштурулат. Салтанат саат 13:00дө башталат. Анда Олимпиадага катышкан, байге алган спортчулар жана алардын машыктыруучулары эл менен жолугушат. Иш-чара концерттик программа менен коштолот.

Количество просмотров: 123