• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Разаков кызматынан кетти. Кордай окуясында Казакстандан Кыргызстанга 24 миң киши өткөн

11 Бирдин айы 2020 12:47 Бишкек Govori.TV

РАЗАКОВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өз арызына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.
Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик кызматка 2018-жылы дайындалган. Бир жума мурда ал иштеген вице-премьер-министрдин ыйгарым укуктарынан инвестиция, экономика жана ЕАЭБ ишмердиги боюнча жоопкерчиликтер алынган.


КАЗАКСТАНДАН КЫРГЫЗСТАНГА 24 МИҢ КИШИ ӨТКӨН
Кордай окуясында Казакстандан Кыргызстанга 24 миң киши өткөн. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан «Кең-Булуң» жана «Токмок» өткөрүү жайлары аркылуу 7-8-февралда канча Казак жараны өткөнү боюнча расмий билдирүү жасай элек.
10-февралда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамбыл облусунун акими Аскар Мырзахметовду жана вице-премьер Бердибек Сапарбаевди кызматтарынан бошотту. Бердибек Сапарбаев Жамбыл облусунун акими болуп дайындалганы белгилүү болду.
Казакстанда Кордай окуяларына байланыштуу «жапырт түрдө башаламандык чыгаруу, башаламандыкка үндөө, бейбаштык, бийлик өкүлүнө кол көтөрүү, мүлктү жок кылуу жана мыйзамсыз түрдө колго курал жасоо» фактылары боюнча 25 кылмыш иши козголду.
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен мекеме аралык ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Анын эң негизги максаты — уюштуруучуларды, чагымчылдарды жана күнөөлүүлөрдү табуу.


16 ЖАШТАГЫ КЫЗ ИЗДЕЛҮҮДӨ
2003-жылы туулган Аят кызы Айдай изделүүдө. Маалыматка ылайык, Түштүк магистралдагы Глобус соода борборунун аймагында кара “Тойота калдина” үлгүсүндөгү таксиге түшүп кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бою 170 см. кийгени кара шым, кара, көгүш түстөгү кышкы узун куртка.
Бул билдирүү социалдык тармактарда тарап, кыздын ата-энеси коомчулукка жардан сурап кайрылышкан.

Количество просмотров: 84