• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Шаарларды өнүктүрүүгө 2 млрд бөлүнөт. Шыкмаматов жаңы кызматка барды

20 Үчтүн айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ШААРЛАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ 2 МЛРД БӨЛҮНӨТ

2023-жылы Кыргызстандагы шаарларды өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, бөлүнгөн каражат жумушсуздукту кыскартууга, инвесторлорго шарт түзүүгө жана жергиликтүү өндүрүштөрдү кеңейтүүгө колдоо көрсөтүүгө жумшалышы керек.

“Бул чаралардын баары акыры ИДПнын өсүшүнө таасир этиши керек. Алсак, Ош облусу эң ири аймактардын бири, бирок ага карабастан ИДПнын үч пайызын гана түзөт. Мындай болбошу керек. Ош менен Бишкек поезддин акыркы вагону эмес, локомотив болушу керек”, — деди Жапаров.

ШЫКМАМАТОВ КЫЗМАТКА БАРДЫ

Алмамбет Шыкмаматов «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

«Бишкек» ЭЭАнын буга чейинки директору Кудрет Тайчабаров өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган.

Алмамбет Шыкмаматов 2015-жылы «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаты болгон. 2017-жылы «Ата Мекен» фракциясын жетектеген. 2011-2014-жылдар аралыгында юстиция министри болгон. 2021-жылы инвестициялар министри болуп дайындалган.

СУУГА ТҮШҮП КЕТКЕН БАЛАНЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Аламүдүндө сууга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-январда Дордой-2 конушунун аймагынан агып өткөн кичи Чүй каналына 2013-жылы туулган Б.Ө. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

19-январь күнү жерине 5 куткаруучу, туугандарынан жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 10:30да баланын жансыз денеси табылган.

Количество просмотров: 677