• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Шайлоого кайсы партия кандай номер менен катышат? Чүчүкулактын жыйынтыгы чыкты

10 Аяк оона 2020 13:57 Бишкек Govori.TV

COVID-19: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Ошол эле учурда вирустун 71 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн бирифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталгандан бери илдет 44 684 адамга жукту, алардын ичинен 40 487 бейтап айыкты, 1063 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө COVID-19 илдетине чалдыккан 532 бейтап ооруканада жатат, 2260 адам үйүндө дарыланууда.

ПАРТИЯЛАРДЫН БЮЛЛЕТЕНДЕГИ НОМЕРИ БЕКИДИ

Саясий партиялардын шайлоо тизмесиндеги орду Борбордук шайлоо комиссиясынын түн жарымында өткөн жыйынында чүчү кулак кармоо аркылуу аныкталды. Чүчү кулакты шайлоого бараткан 16 саясий партиянын ар биринин ыйгарым укуктуу өкүлү кармады. Саясий партиялардын номурлары иреттик бюллетенде 1- “Биримдик” ,2- “Мекенчил”, 3-“Ыйман Нуру”, 4- “Мекеним Кыргызстан”, 5-“Реформа”, 6. “Ата Мекен” , 7- “Замандаш”, 8-“Бүтүн Кыргызстан”, 9- “Социал-Демократтар”, 10- “Мекен Ынтымагы”, 11-“Афганистан согушунун ардагерлери, 12- “Ордо”, 13- “Бир Бол”, 14- “Республика”, 15-“Кыргызстан”, 16-“Чоң Казат” болмой болду. БШКнын маалыматына караганда бюллетенде 16 партиянын тизмесинен тышкары «баарына каршы» графасы да болот.

БШК ЖОГОРКУ СОТКО КАЙРЫЛБАЙТ

БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясы боюнча Жогорку сотко кайрылбайт. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Govori.TVга” билдирди. Анын айтымында мындай чечим кабыл алынганы кечээ белгилүү болгон. Ал эми бул тууралуу БШК да тастыктады. Маалымат боюнча, Бишкек административдик соттун чечимине каршы Жогорку сотко кайрылышпайт жана партиянын талапкерлеринин тизмеси расмий катоого алынган. Эске салсак, 9-сентябрда Бишкек административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызын карады. Анда сот “Бүтүн Кыргызстандын” пайдасына чечим чыгарган.

БИШКЕКТЕ 4 УНАА КАГЫШТЫ

Бишкек шаарында 4 автоунаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык 9-сентябрь күнү саат 18:00дө Киев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кагышкан унаалардын арасында инкассатордун машинасы дагы бар. Окуянын видеосу “Короче” Telegram каналына жарыяланды. «Газель» маркасындагы инкассатордук унаа Калык Акиев көчөсүнө жеткенде Honda Fit менен кагылышкан. Окуяда «Газель» каптал жагына оодарылып кетип, жол четине токтоп турган Mercedes Benz жана Toyota Ipsum унааларына тийген. Кырсыктан инкассатордук унаанын айдоочусу жабыркаган. Унаалар айып короого токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 175