• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Туу жана гербди ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүүгө болбойт. Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

29 Бештин айы 202314:00 Бишкек Govori.TV

ТУУ МЕНЕН ГЕРБ КИЙИМ-КЕЧЕЛЕРГЕ ТҮШҮРҮЛБӨЙТ

Кыргызстандын мамлекеттик туусун жана гербин кийим-кечелерге, анын ичинде ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев жазып, 28-декабрда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Документтин маалымкат-негиздемесинде кийим-кечелерге мамлекеттик символдордун сүрөттөрүн коюу алардын баркын түшүрөрү, ушундан улам Министрлер кабинети мамлекеттик символдордун сүрөтүн түшүрүүгө болбой турган нерселердин тизмесин түзүү керектиги жазылган.

ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН КАТЧЫЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ ДАЙЫНДАЛДЫ

Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын Катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы жыйналышынын протоколунун негизинде Абдылдаев Мыктыбек Юсупович Элдик курултайдын Катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРА БЕКЕТТЕРИ ЖАБЫЛАТ

Жаңы жыл майрамына карата кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан  «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары жабылат. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөрүү пункттары 1-январь күнү гана иштебей, 2-январдан тарта ишин штаттык режимде улантат.

Кошумчалангандай, «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары иш күндөрү гана ачык, ишемби жана жекшемби жабык болот.

Количество просмотров: 120