• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Жалпы жарандык паспортту даярдоо мөөнөтү кыскарды. Мурунку министр адам өмүрүн куткарды

11 Жалган куран 202015:07 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗСТАНДА ЧЕТ ЭЛДИК ВАЛЮТАГА ТАРТЫШТЫК ЖОК

Кыргызстанда чет элдик валютага тартыштык жок. Бул тууралуу Улутттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, доллар жана башка валюта өлкөдө жетиштүү түрдө бар. Толкунбек Абдыгулов кечээ Бишкектеги айрым акча алмаштыруу жайларында чет элдик валютаны атайын сатпай кармап турганын белгиледи. Алар баары Россия менен Казакстанда финансалык рыноктун ачылышын күтүп турушкан. Бирок, Улуттук банктын жетиштүү түрдө эл аралык резервтери бар», — дейт ал.

ЖАРАНДЫК ПАСПОРТТУ ДАЯРДОО МӨӨНӨТҮ КЫСКАРДЫ

Кыргызстанда чет мамлекетке чыгуучу паспортту даярдоо мөөнөтү дээрлик бир аптага кыскарды. Бул тууралуу 11-мартта Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев «Азаттыкка» билдиргенине караганда, мындай чечим чек арадан ID карта менен өтүүгө тыюу салынганына байланыштуу кабыл алынды.

«Буга чейин 18 күндүн ичинде жасалып берилген болсо, 11-марттан тартып алты күнгө кыскарып, 12 күндүн ичинде жасалып бермей болду», — деди ал. Бейшеналиев белгилегендей, бул үчүн кошумча акы алынбайт. Мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт берүү бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте – күндүз да, түнкүсүн да иштейт. Кыргызстандын чек арасынан кыргыз жарандарына ID-карта менен өтүүгө 1-марттан тартып убактылуу тыюу салынган. Жалпы жарандык паспорту жоктор ID-карта менен өтө алышат, бирок чек арадан жалпы жарандык паспорту бар-жогу текшерилет.

БАТЫРАЛИЕВ УЧАКТА АДАМ ӨМҮРҮН КУТКАРДЫ

Өкмөт мындай чара дүйнөнү каптаган коронавирустун алдын алуу максатында көрүлгөнүн айтууда.  «Түрк аба жолдору» компаниясы кардиолог, мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге ыраазычылык билдирди. Буга 16-январда Бишкек-Стамбул каттамында дарыгер учакта өзүн жаман сезип, кан басымы жогорулап кеткен 60 жаштардагы аялды куткарганы себеп болду.

«Түрк аба жолдору» компаниясы дарыгерге: «Биздин жүргүнчүнүн абалына кайдыгер калбай, ага убагында медициналык жардам көрсөтүп, учактын экипажын колдогонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин өз ыктыярыңыз менен адам өмүрүн куткарууга жасаган аракетиңиз биз үчүн маанилүү», – деген кат жиберди. Батыралиевдин айтымында жашы 60тан өткөн аял жүргүнчү учак көтөрүлгөндөн эки саат өтпөй өзүн жаман сезип, буту-колу тырышып, сүйлөй албай калган. Анын кан басымы көтөрүлүп кеткени билинген. Дарыгер тийиштүү медициналык жардам көрсөткөндөн кийин аял өзүнө келген. Догдур мындай опурталуу учурда учактын экипажынын даярдыгы да мыкты экенин белгиледи. Талантбек Батыралиев Бүткүл союздук кардиология илим борборунун аспирантурасын бүтүргөн. Кыргызстан кардиология илим изилдөө институтунда илимий кызматкер. Англия менен Түркияда иштеп, бир нече жыл Кыргызстандын саламаттык сактоо министри болуп турган.

Количество просмотров: 94