• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жээнбеков камакта калды. Токтогулда дааратканага ташталган ымыркай куткарылды

11 Баш оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн 11-августка карата Кыргызстанда коронавирустан жети адам каза болду. Жалпысынан таажы илдетинен көз жумгандардын саны 2420 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 382 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 170 353 адамга жетти. Бир күндө 771 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2455 адам жатат, дагы 4031 бейтап үйдөн дарыланууда.

ЖЭЭНБЕКОВ КАМАКТА КАЛДЫ

Бишкек шаардык соту биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырып, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ал 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды. Эске салсак, Жээнбеков Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу коррупциялык иштерди тергөөнүн алкагында 31-майда кармалган. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтырган.

ДААРАТКАНАГА ТАШТАЛГАН ЫМЫРКАЙ КУТКАРЫЛДЫ

Жалал-Абад облусунда дааратканага түшүп кеткен ымыркай куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Токтогул районундагы турак үйдүн дааратканасына жаңы төрөлгөн ымыркай кызды белгисиз бирөө таштап салган. Учурда ымыркайдын абалы орто. Жерине №97 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, ымыркайды алып чыгышып, ИИМ жана “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 86