• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Жээнбеков кызматын тапшырды. Бишкекте Өзгөчө абал жокко чыгарылды

16 Тогуздун айы 202015:00 Бишкек Govori.TV

ЖЭЭНБЕКОВ КЫЗМАТЫН ТАПШЫРДЫ

Бүгүн, 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өттү. Ага отставкага кетип жаткан президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Садыр Жапаров катышты. Жээнбеков парламентке келип кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматынан кетти. Жээнбеков ага ишеним көрсөтүп келген мекендештерине, чогуу иштешкен бардык бийлик бутактарына, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга, аппаратына, жарандык коомго жана медиа тармагына терең ыраазычылыгын билдирди. Белгилей кетсек, бир нече күндөн бери миңдеген киши митингге чыгып президенттин отставкасын талап кылган. Натыйжада кечээ 15-октябрь күнү Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү боюнча арызын жазган.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 16-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы төрт киши кайтыш болду. Соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 431 кишиден жаңы аныкталып, 208 адам ооруканалардан айыгып чыкты. Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2202 бейтап стационарда, 1951и үй шартында дарыланууда.

БИШКЕКТЕ ӨЗГӨЧӨ АБАЛ АЛЫНДЫ

Бүгүн, 16-октябрда Бишкек шаарынын аймагына киргизилген өзгөчө абал жокко чыгарылды. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар кабыл алды. Президенттин жарлыгы менен 12-октябрдан 19-октябрга чейин Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилген. Кечки саат 10дон таңкы 5ке чейин коменданттык саат эрежелери күчүндө болуп турду. Өзгөчө абал киргизүү чечими 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык окуяларга байланыштуу кабыл алынган.

Количество просмотров: 105