• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жээнбеков Орусияга кетти. “Республика” жаңы лидерин шайлады

20 Бештин айы 2019 13:47 Бишкек Govori.TV

ЖЭЭНБЕКОВ ОРУСИЯГА КЕТТИ
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.
Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү болот. Мындан сырткары КМШга катышуучу мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт.


ЖЭЭНЧОРОЕВ «РЕСПУБЛИКАГА» ЛИДЕР БОЛДУ
Бишкекте “Республика” саясий партиясынын кезексиз съезди өтүүдө. Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, “Республика” партиясынын лидери болуп Мирлан Жээнчороев шайланды.
Съездге “Республика” партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов жана аталган партиянын бардык депутаттары катышууда.
Съездин жүрүшүндө партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановго сөз берилди. Бабанов өз сөзүндө партиянын түптөлүшүнө салым кошкон Бакыт Төрөбаев, Руслан Казакбаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаевге ыраазычылык билдирди.
“Мен дайыма Республика партиясынын мүчөсү болгонума сыймыктанам. Себеби биздин республикачылар өзгөчө тартиптүү. Жакында партиянын түзүлгөнүнө 10 жыл толот. “Республика” партиясы элдин эсинде кала турган тарыхый иштерди жасады”,-деди Бабанов.
Мындан сырткары, саясий кенештин жаңы курамы шайланып, ага Мирлан Жеенчороев, Максат Сабиров, Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев баш болгон 13 киши кирди.


АЙТМАТОВАНЫН ЖОЛДОШУ КАРМАЛДЫ
«Үмүт» кыймылынын демилгечиси, мурунку депутат Ширин Айтматованын жолдошун Алматыдагы аба майдандан кармашты. Бул тууралуу ал Twitterге жазган.
Анын айтымында, кармоо себеби белгисиз. Бирок жолдошун УКМКнын кызматкерлери кармап, Бишкекке алып келишти. Мурунку депутат саясий репрессия башталды деп билдирген.
Ал эми УКМК бул тууралуу маалымат таратып, “С. Кенжебаев аттуу жаран (Ширин Айтматованын жолдошу) алдамчылыкка шектелип кармалган”, – деп билдиришти. Учурда ал УКМКнын тергөө абагына жайгаштырылган.
Эске салсак, Ширин Айтматова Түркияда өлтүрүлгөн жеке ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча күбө катары өтүүдө. Аны суракка да чакырышкан. Ал маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу катка кол койгон.

Количество просмотров: 221