КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЙЫНЫ ӨТҮҮДӨ
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүдө. Жыйында Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү каралууда. Өлкө башчы коомчулукта коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматына, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) жана Мамлекеттик каттоо кызматына сын-доомат көп экенин билдирди. Ал мындан башка да мекемелерге бизнес коомчулук нааразы экенин айтты.
НИГЕРИЯЛЫК МУГАЛИМДИН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА СОТ ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ
Бишкектеги Cambridge School тил үйрөтүүчү мектептин директору Али Тижжани Абубакарды өлтүргөн жаран 7,5 жылга эркинен ажыратылып, 90 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.“Бишкектеги Свердлов райондук соту 23 жаштагы К. Э.ни Кылмыш кодексинин 138-беренеси боюнча айыптуу деп тапкан. Айыпталуучу апелляциялык арыз берген эмес”, -деп айтылат маалыматта. Эске салсак, 2019-жылы Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанында Нигериянын 34 жаштагы жараны Али Тижжани Абубакар сабалып, ооруканада эки күн комада жатып каза болгон.
БИШКЕККЕ КЕЛЕ ЖАТКАН УЧАК АРТКА КАЙТТЫ
23-январда Ташкенттен Бишкекке учуп чыккан HY-779 каттамындагы “Өзбекстан Аба жолдору” авиакомпаниясына таандык учак кайра артка учуп кетүүгө аргасыз болгон.“Ташкен аба жаңылыктары” Telegram-каналынын кабарлашынча, буга “Манас” эл аралык аэропортунун аймагындагы коюу туман себеп болгон. Аба ырайынын катаал шарты коопсуз түрдө конууга мүмкүнчүлүк бербегендиктен авиалайнер кайра Ташкентке кайткан. “Өзбекстан Аба жолдору” авиакомпаниясы жүргүнчүлөр жана аларды тосуп алуучулар бул кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасайт деп ниеттенүүдө.