• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтү Конституциялык палатанын чечиминен көз каранды

2 Бештин айы 2020 13:49 Бишкек Govori.TV

Конституциялык палата биздин пайдабызга чечим чыгарып, кайра шайлоону кийинкиге жылдырууну мыйзамсыз деп тапса, БШК шайлоону кайрадан жаңы күнгө дайындайт. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова билдирди.

«Конституциялык палата биздин пайдабызга чечим чыгарса, БШК шайлоону кайрадан жаңы күнгө дайындайт. Эгер кайра шайлоону кийинкиге жылдыруу мыйзамдуу деп табылса анда айтыш кыйын. Мыйзамсыз жүрүп жаткан Конституциялык реформа дагы деле уланышы мүмкүн»,-деди Сооронкулова.

Белгилей кетсек, бүгүн Конституциялык палата “Реформа” партиясынын парламент 22-октябрда кабыл алган “Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы жазган арызын карап жатат.

Количество просмотров: 235