• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сот түрк инвестору тарабынан камсыздандыруучу компаниянын мүлкүнө салынган камоону алып салды

18 Бугу 2022 18:23 Бишкек Govori.TV

Beko бренди менен таанымал «Эфор Бишкек ЛТД» компаниясыны тарабынан «AТН Полис» камсыздандыруучу компаниясынын кыймылсыз мүлкүнө коюлган камакка алуу чечими алынып салынды. Бул тууралуу түрк инвесторунун кызыкчылыгын коргогон адвокат Канышай Мамытова билдирди.

Анын айтымында, 18-майда Бишкек шаардык сотунда бул иш каралып, анын жыйынтыгында камакка алууну жокко чыгаруу тууралуу Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырылган.

Белгилей кетсек, «Эфор Бишкек ЛТД» ишканасы «AТН Полис» аттуу камсыздандыруучу компаниядан жалпы баасы 1 миллион долларга мүлкүн камсыздандырган. 2019-жылдын август айында кампада өрт чыгып,ошондон бери “Эфор Бишкек” камсыздандыруу компенсациясын ала албай келет.

«Биз жарандык иштин алкагында камсыздандыруу компенсациясын төлөө боюнча биринчи инстанцияга кайрылганыбызда камсыздандыруу компаниясынын мүлкүн камакка алганбыз. Бул чара биздин дооматыбызды камсыз кылуу үчүн зарыл болгон. Камсыздандыруу компаниясы экинчи инстанцияда утуп алгандан кийин камакка алууну алып салуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Ленин райондук соту алардын доосун канааттандырган, бирок биз буга макул болбой, апелляциялык арыз менен кайрылганбыз, анткени Жогорку Соттун чечими азырынча жок. Эгер биз Жогорку Сотунда жеңип калсак, акчаны дароо алаарыбызга ишенбейбиз. Андыктан, биздин дообуз жок дегенде кандайдыр бир мүлк менен камсыз болусу керек. Биз Жогорку Сотко кассациялык даттанууну көздөп жатабыз», — деди Канышай Мамытова.

Количество просмотров: 146