• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Sputnik Кыргызстан агенттигинин техникалык директору пневмониядан каза болду

13 Теке 2020 12:29 Бишкек Govori.TV

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчисинин техникалык маселелер боюнча орун басары Михаил Рогожин дүйнө салды. Бул тууралуу аталган басылманын сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, ага эки тараптуу пневмония диагнозу коюлуп, 13-июлга караган түнү каза болгон.

Михаил Рогожин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенди. 1990-жылдын орто ченинде Бишкектеги телерадиокомпаниялардын биринде шеф-редактор болгон. Кыргыз-орус Славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасында студенттерге сабак берген.Ошондой эле ыр жана прозаларды жазып жүрчү.

Govori.TVнын жамааты маркумдун жакындарына жана “Sputnik Кыргызстан” агенттигинин жамаатына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.


Количество просмотров: 88