• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Стамбулда жасалма алкоголдон ууланып, каза болгон түркмөнстандык жарандардын саны 37ге жетти

23 Жалган куран 2020 13:24 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Стамбул шаарында жасалма алкоголь ичимдигине ууланып, каза болгон түркмөнстандык жарандардын саны 37 адамга жетти. Бул тууралуу «Түркмөнстандын хроникасы» басылмасынын кабарчасы билдирди.

13-мартта медициналык мекемелерге 61 адам жеткирилген. Алардын ичинен 24 адам учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлердин айтымында, көбүнүн жашап кетүү мүмкүнчүлүгү аз.

Тергөөнү жүргүзгөн полициянын офицери билдиргендей, жасалма алкоголь ичимдигин даярдоо боюнча Түркмөнстандын 11, ал эми Түркиянын бир нече жараны кармалган. Алкоголь ичимдигин жасоодо метил спирти колдонулган. Ал эми жасалма этикетка Түркияда басылган.

Офицердин айтымында, Түркмөнстандын Анкарадагы элчилиги Ашхабаддан эч кандай буйрук чыкпаганын айтып, каза болгон жарандардын денесин мекенине алып кетүүдөн баш тартып койгон. Каза болгон жарандарды алардын Түркияда иштеген туугандары же жердештери шаардык бюджеттин эсеби менен акыркы сапарга узатып жатышат.

Количество просмотров: 138