Түштүк Кореядан Бишкекке 119 кыргызстандык жана чет элдик жарандар учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 119 адам Түштүк Кореянын «T’Way» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген. Ошондой эле бул каттам менен жеке коргонуу каражаттардан турган гуманитардык жүк алынып келген.
«Бул чартердик каттам элчиликтин жардамы менен кыргызстандык жана чет элдик жарандарды Кыргызстанга алып келүү максатында Түштүк Кореянын «Kyrgyzstan Catering and Air Global» компаниясы тарабынан уюштурулган»,-деп айтылат маалыматта.