• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Түз эфир: Бишкекте уюшкан кылмыштуу топторго каршы акция өтүүдө

9 Тогуздун айы 202014:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарындагы темир жол бекетинин алдында уюшкан кылмыштуу топторго каршы «Акыркы үмүт» деп аталган акция өттү.

Нааразычылык акцияга жарандык активисттер, Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко дагы катышты. Алардын тынчтык митингине чыгышына өлкөдөгү акыркы кырдаал себеп болгон.

Акциянын катышуучулары уюшкан кылмыштуу топтор абалдан пайдаланып бийликти ээлеп алууга аракет кылып жатышканын айтып, ага жол бербей турганын белгилешти.

«Депутаттар мыйзамдуу чечимдерди кабыл алыш үчүн ачык жыйынга чогулуудан кооптонуп жатышат. Бизнес менен чет элдик инвесторлорго кысым көрсөтүлүп, коркуп отурушат. Мындайга жол бербеш керек! Депутаттар коркпой добуш бергиле деди»,-деди Сурабалиева.

https://www.facebook.com/govoriTV/videos/671239626860608
Количество просмотров: 108