• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Журналист Темировго өкүм чыгат

28 Аяк оона 2022 15:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-сентябрда журналист Болот Темировдун соту уланууда. Бүгүнкү отурумда Темировго акыркы сөз берилип, сот өкүмү чыгаары күтүлүүдө.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 22-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту болгон, анда ага өкүм чыга турганы кутулүп жаткан, бирок, жараян 28-сентябрга жылдырылган.

Айыптоочу тарап Темиров күнөөлүү экенин, тийиштүү териштирүү жүргүзүлгөнүн айтып, паспорт алууга байланыштуу эки эпизоддун ар бири боюнча төрт жылдан, мындан тышкары «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» жана «мыйзамсыз маңзат сактаган» деген эпизоддордун ар бири боюнча да төрт жылдан эркинен ажыратууну сунуш кылууда. Жыйынтыгында прокурор журналистти жаза чарасын жалпылап кошуу жолу менен беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоо керектигин 21-сентябрдагы отурумда билдирген.

Количество просмотров: 314