• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ташкентте милиция кызматкерлерин мазактаган блогер жети суткага камалды

10 Чын куран 2020 11:01 Бишкек Govori.TV

Ташкентте милиция кызматкерлеринин карантин маалындагы аракетин шылдыңга алган 21 жаштагы блогер кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, блогер «Майда бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, жети суткага административдик камакка алынды. Ал Instagram социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу «милиция кызматкерлеринин карантин маалындагы ишин шылдыңга алган».

Бир нече күн мурда карантинге карабастан Ташкентте өздөрүнүн беткапсыз сейилдеп жүргөнүн видеого тарткан эки бала жана бир кыз 15 суткага камакка алынган.

Количество просмотров: 84