• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажикстанда тургундар электр энергиясы өчүрүлүп жатканына даттанууда

19 Жетинин айы 2021 12:11 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын түрдүү аймактарында жашаган тургундары октябрь айынан бери электр жарыгы өчүрүлүп жатканына даттанып келишет.

15-ноябрда «Барки точик» мамлекеттик энергохолдинги «Озоди» радиосуна өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдирди.

«Мындай иштер жыл сайын ушул мезгилде жүргүзүлүп келет. Мындан тышкары азыркы учурда Нурек, Сарбанд жана Кайраккум ГЭСтеринде да оңдоо иштери жүрүп жатат», — деп жазылган мекеменин жазуу түрүндө жөнөткөн жообунда.

Ал ортодо аты-жөнүн айткысы келбеген жергиликтүү эксперттердин бири электр жарыгынын өчүрүлүшү оңдоо иштерине байланыштуу эмес деген пикирин билдирди.

«Оңдоо иштери совет мезгилинен бери эле сентябрда жүргүзүлүп келген. Трансформаторлор менен зымдар текшерилип, бактардын тоскоолдук жараткан бутактары кесилет. Буга көп болсо эки жума кетет. Менимче, өчүрүүлөрдүн негизги себеби — суу-энергетикалык ресурстардын жетишсиздиги», — деди ал.

Анын айтымында, жайында Тажикстан сууну Өзбекстан менен Казакстанга берип, кайра жетиштүү көлөмдө суу топтой албай калган.

«Мындан тышкары экономикага чет өлкөлүк валютанын агымы керек. Өлкө башка эч нерсе өндүрбөгөндүктөн, электр энергиясын экспорттоо артыкчылыктуу бойдон калууда», — деди ал.

Тажик бийлигинин расмий маалыматына ылайык, өлкө быйыл январдан сентябрь айына чейин 89,4 миллион долларга электр энергиясын экспорттогон. Бул 2020-жылдагы ушул мезгилге салыштырмалуу 36,1 миллион долларга көп.

Негизинен Тажикстандан электр энергиясын Өзбекстан менен Ооганстан сатып алат. Быйыл бул өлкөлөрдүн ар бирине 1,5 миллиард киловатт-сааттан электр берүү пландалган. Ташкент киловатт-саатын 2 центтен, Кабул 3-4,5 центтен сатып алууда.

Тажикстанда акыркы жолу калкка электр энергиясын берүүдө быйыл январда чектөөлөр киргизилген. Анда «Барки точик» энергохолдинги чектөө айылда жашагандарга гана тиешелүү болорун билдирген. Электр энергиясын толук көлөмдө берүү 4-майда калыбына келтирилген.

Тажикстандын бийлиги 2017-жылы электр энергиясын берүүдөгү көйгөйлөр толугу менен жоюларын билдирген. 2018-жылы ноябрда президенттин катышуусунда Рогун ГЭСинин алгачкы агрегаты ишке киргизилген. Анда ГЭСтин курулушу толук аяктагандан кийин Тажикстан электр энергиясын өндүрүүнү эки эсеге көбөйтүп, калк арзан энергия менен камсыз болуп, артканы сыртка экспорттоло турганы айтылган.

Расмий маалыматтар боюнча быйыл январь-сентябрь айларынын аралыгында Тажикстанда 15,9 миллиард киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,4% көп.

Количество просмотров: 189