Окуучум Шыкмаматов туура баа берди, жаңы Баш мыйзамдын долбоору — «урод». Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Конституциянын жаңы редакциясы боюнча мыйзам долбоорун талкуулаган «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коомдун жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди.
Текебаевдин айтымында, Конституциянын азыркы долбооруна көпчүлүк макул эмес.
«Кечээки чыккан долбоор жөнүндө бир-эки ооз сөз. Менин окуучум Алмамбет Шыкмаматов «долбоор «урод» деп так баасын койду да, тез аранын ичинде артка чакырып алуу керектин айтты. Бул долбоор коомчулукка коркунуч келтирбегендей болуш керек», — деди депутат.