Чет өлкөлөрдө жүргөн 23 кыргызстандык коронавирусту жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматтар мекендештер менен тынымсыз байланышта болууда.
«Чет өлкөдө коронавирусту жуктурган кыргыз жарандарынын саны 23. Бириккен Араб Эмирлигинде үчөө илдетти жуктурган, бирок бирөө айыккан. Пакистанда 7, Индияда 1, Испания 1 жаран, Малайзияда 4 студент, алардын бирөө айыгып, ооруканадан чыгарылган, үчөө да айыкты, жакында ооруканадан чыгарылат», — деди Ниязалиев.
Мындан тышкары, ал АКШда 8 кыргыз жараны коронавирус илдетин жуктуруп алды деген шек менен үйлөрүндө кармалып жатканын айтты.