• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ТИМ: Саймаитинин өлүмүнө шектелгендердин колунда кыргыз паспорту болгон эмес

13 Жетинин айы 2019 13:30 Бишкек Govori.TV

Түрк полициясы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектелгендер өздөрүн Кыргызстандын жараны деп тааныштырганын оозеки түрдө билдирди. Бул тууралуу «АКИpress» сайтына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев билдирген.

Анын айтымында, шектүүлөр кыргызстандын жаранбыз деп айтышканы менен алардын колунда паспорт болгон эмес. Дыйканбаев кошумчалагандай, Тышкы иштер министрлиги кармалгандар кыргызстандын жараныбы же жокпу тактап жатат.

Эске салсак, Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган.

Количество просмотров: 127