• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тоңдо автоунаа жол четиндеги бетонду сүзүп, эки жүргүнчү мүрт кетти

8 Кулжа 2020 14:54 Бишкек Govori.TV


Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа жол кырсыгына кабылып эки аял каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 8-июнь күнү болжол менен саат 04.20лар чамасында болгон. Анда айдоочу Бишкектен Чолпон-Атага бара жатып, Бишкек — Балыкчы — Торугарт автожолунун 163-чакырымында рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги бетон тосмолорун сүзгөн.

«Жол кырсыгынан улам жүргүнчү катары бара жатышкан Ак-Суу районунун 48 жаштагы тургуну Э.Ж. жана Каракол шаарынын 39 жаштагы тургуну Д.Б. мүрт кеткен. Ал эми айдоочу жана башка эки жүргүнчү, Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну И.Н. жана Каракол шаарынын 18-жаштагы тургуну Т. кызы Ж. жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн топтолгон иш кагаздар Тоң райондук милициясына өткөрүлмөкчү.

Количество просмотров: 210